
Прокуратуранын маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан жер участогу айыл чарба максатында колдонулган, аянты 0,20 гектар, Барскоон айыл өкмөтүнүн чегинде жайгашкан. Текшерүү учурунда участок мыйзамсыз жарандарга берилгени аныкталды.
Мындан тышкары, аталган жерде мыйзамсыз негизде имарат курулган.
Прокурорлордун аракеттеринин натыйжасында, жалпы баасы 34 056 846 сомду түзгөн жер участогу жана имарат мамлекеттин менчигине кайтарылды.