
КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана чет өлкөлүк өнөктөштөр тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен контртеррористтик операциянын жүрүшүндө, борбордогу билим берүү мекемелеринин биринде мугалимдерине жана классташтарына куралдуу кол салуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жаткан жашы жете элек окуучу тууралуу учур аныкталды.
Арнайы кызматтар билдиришкендей, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүгү (Терроризм актын жасоо коркунучу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жаштар арасында диний радикалдашуу боюнча тынчсыздандырарлык фактыларга байланыштуу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ата-энелерди жана педагогдорду балдарды тобокелдиктер тууралуу туруктуу маалымдап турууга, ошондой эле алардын кызыкчылыктары жана халыкаралык тармактагы кызыгуулары боюнча кылдат көзөмөл жүргүзүүгө чакырат.