
Бүгүн, 16-февралда, жергиликтүү убакыт боюнча 13:14тө Кытайдын аймагында 4,5 магнитудасы менен жер титирөө болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, эпицентр Бедель айылынан 34 км түштө, Ыштык айылынан 45 км жана Каракол шаарынан 142 км алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстандын кээ бир айылдарында соккулар сезилди, алардын күчү төмөнкүдөй болду:
- Бедель айылында — болжол менен 3 балл;
- Ыштык айылында — болжол менен 3 балл.