
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 206-беренеси "Уурулук" боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкекте "Глобус" паркингинде уурулукка шектелген адам кармалды.
Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын натыйжасында укук коргоо органдары шектүүлөрдүн бири – Ж. М. аттуу адамды аныктап, кармашкан. Учурда ал Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып турат.
Учурда кылмышка катышкан башка адамдарды, алардын ролун жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча иштер улантылууда.