
Иссык-Куль облусунда өткөрүлгөн "Арсенал" аттуу оперативдүү-профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө укук коргоо органдары көп сандаган куралдарды алып, бир катар мыйзам бузууларды аныкташты. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында 28 уруксат берилген объектилер жана 1547 аңчы текшерилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлүп, салынган айыппулдардын жалпы суммасы 147 миң сомду түздү.
Аңчылык эрежелерин бузуу натыйжасында 25 курал алынган, дагы 16 курал кылмыш иштеринин алкагында алынган. Мындан тышкары, жарандар 31 даана огнестрелдик куралды өз ыктыярында тапшырды.
Ошондой эле, операциянын жүрүшүндө сегиз кылмыш ачылып, эки экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды.
Жарандардын коопсуздугун жогорулатуу максатында, тиешелүү кызматтар менен биргеликте коркунучтуу жабайы жаныбарларды атууга чаралар өткөрүлүп, натыйжада 18 карышкыр жана 23 көчө иттери жок кылынды.
Милиция жергиликтүү тургундар менен коопсуздук, мыйзамдарды сактоо жана табиятты коргоо маселелерин талкуулоо үчүн айылдарда жыйындар өткөрүлүп жатканын белгиледи.