
Ысык-Көл облусунун ички иштер органдары «Арсенал» аттуу масштабдуу оперативдик-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө.
Милициянын маалыматына ылайык, бул иш-чаралардын негизги максаты — ок атуучу куралдар менен байланышкан укук бузууларды алдын алуу жана региондогу браконьерликке каршы күрөшүү.
2026-жылдын январь айында 28 объект текшерилип, 1547 аңчынын документтери каралды. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлүп, салынган айыппулдардын жалпы суммасы 147 миң сомду түздү.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө облус аймагында 8 кылмыш ачылып, 2 экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды.
Ошондой эле, коомдук коопсуздукту жогорулатуу максатында, профилдик кызматтар жана коомдук бирикмелер менен биргеликте кооптуу жапайы жаныбарларды жок кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү: 18 шакал жана 23 көчө иттери жок кылынды.
«Айылдык аймактарда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлүп, жарандардын коопсуздугу, мыйзамдуулукту сактоо жана экологияны коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп белгилешти милициянын өкүлдөрү.