«75-ки кат». ИИМ Талгарбековду, Узакбаевди жана Дыйканбаевди кармады, калган 72 киши суракка алынды

Арестова Татьяна Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
11-февралда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги массалык башаламандык уюштурууга шектелген үч белгилүү саясатчыны кармаганын билдирди. 

ИИМдин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, 9-февралда социалдык тармактарда жана ЖМКларда президент Садыр Жапаровго жана ЖК КР спикери Нурланбек Тургунбек уулуна 75 жарандан жаңы президенттик шайлоолорду өткөрүү боюнча кайрылуу жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат пайда болгон. Кол коюучулардын арасында илимпоздор, мурдагы премьер-министрлер, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлер бар.

Ведомстводо кайрылуудан кээ бир формулировкалар коомдук талкууну жаратканын жана өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутууга себеп болгонун белгилешти. Ошондуктан ИИМдин Тергөө кызматы массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча, зордук-зомбулук жана кыйратуу менен байланышкан, КРнын Кылмыш кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул иштин алкагында 75 кол коюучунун бардыгы ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Тергөө учурунда инициаторлор жана активдүү катышуучулар аныкталды, алардын арасында Т.Б. (1955-жылы туулган), У.Э. (1955-жылы туулган) жана Д.К. (1960-жылы туулган) жарандар бар. Бул адамдар кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

Ошондой эле кармалгандардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү. 

Кармалгандардын арасында «Элдик парламенттын» координатору, мурдагы премьер-министрдин Аппаратынын жетекчиси Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев жана президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев бар.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: