
АКШнын Индиана штатында Кыргызстандын жараны төрт адамдын өмүрүн алган ЖОЖдон кийин кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 3-февралында State Road 67 жолунда болгон. ЖОЖго 28 жаштагы кыргызстандык Б.Б. башкарган жүк ташуучу унаа жана жүргүнчү фургону катышкан. Токмоктошуу натыйжасында бир адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда штаттын укук коргоо органдары тергөө иштерин улантууда, Б.Б. болсо камакта.
Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Генералдык консулдугу кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Дипломаттар америкалык бийликтер жана кармалган жарандын жумуш берүүчүсү менен байланышта.
Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана жабыркаган адамдын тез арада сакайышына үмүт артууда.