Маалыматка ылайык, соттун үч кызматкери, атап айтканда О. Н. О., А. у. Б. жана К. у. Б., жок адамдардын эмгек иши тууралуу жалган маалыматтарды киргизүү боюнча макулдашышкан.
Алардын аракеттеринин натыйжасында мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилди, бул ошондой эле сот системасынын репутациясына терс таасирин тийгизди жана Ош облусунун Административдик сотунун кызматкерлеринин арасында жагымсыз моралдык-психологиялык климатты жаратууга себеп болду, деп белгиленет расмий билдирүүдө.
Кармоо учурундагы шектүү. ГКНБнын сүрөтү.

Ош жана Ош облусунун ГКНБсынын тергөө башкармалыгы жыйналган материалдар негизинде "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө учурунда Ош облусунун Административдик сотунун аппаратынын жетекчиси жана жооптуу кызматкерлер кармалып, СИЗОго киргизилди.