Ноокат шаарында жергиликтүү тургунду сабап, телефонун тартып алышты

Сергей Гармаш Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Ноокатта уурулукка шектелгендер кармалды, деп билдирди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 5-январында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 1982-жылы туулган А.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арыз берүүчү 2025-жылдын 17-декабрында Ноокат шаарында белгисиз адамдар тарабынан сабалып, мобилдик телефонун уурдалганын билдирген.

Бул факт катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Жыйналган материалдар боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 206-беренеси ("Уурулук") боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү-тергөө иштери башталган.

Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында мурда соттолгон 1999-жылы туулган Н. уулу Б. жана 1988-жылы туулган К.А. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Алар убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча оперативдүү-тергөө иштери улантылууда.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: