
Маселе боюнча, Ж.С. уктап жатканда энесин жастык менен бугулаган.
«Зардап чегүүчү каршылык көрсөткөн, андан кийин ал аны денесинин ар кандай бөлүктөрүнө бир нече жолу урган. Окуя катталып, Ж.С.га КРнын Кылмыш кодексинин 138-беренеси «Азаптоо» боюнча кылмыш иши козголгон», — деп айтылат пресс-релизде.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Ж.С.нын аялы А.Г. менен WhatsApp аркылуу болгон кат алышууларын изилдөөнүн натыйжасында, ал энеси Ж.М.ны өлтүрүү ниетин билдирген билдирүүлөр табылган», — деп айтылат билдирүүдө.
Ж.С. КРнын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган. Райондук сот эки айга камакка алуу чарасын кабыл алды.