Аламудун районунда бир нече алдамчылык иштерине шектелген адам кармалды
Анын айтымында, 2024-жылдын ноябрь айында шектүү Э. У. ага бизнес боюнча кызматташуу сунуштап, анын ишенимин жеңип алган жана андан кийин алдамчылык менен 600 миң сомдук суммага ээ болуп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Алдамчылык фактысы катталды жана шектүүгө Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду.
2026-жылдын 3-январында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери шектүүнүн жайгашкан жерин аныкташты. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин алкагында кармалды, андан кийин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Сот тарабынан эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды.
Бул иштин териштирүүсү уланууда.
Окшош материалдар:
