Оштогу трассада 2021-жылы тоноо жасалып, 350 миң доллар уурдалган — прокурор кылмыштуу топтун 9 мүчөсү тууралуу маалымат берди
Ал тергөө процессинде 2021-2022-жылдар аралыгында Ош жана Жалал-Абад облустарынан бир катар Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Өзбекстандын жарандары, экстремисттик жана террордук ишмердүүлүктү жүргүзгөн кылмыштуу коомду түзгөндүгүн белгиледи. Айыпталуучулар арасында Н.Д.Т., М.Н.У., К.Х.С., Х.Д.Г. жана өзбекстандыктар М.Ф.Ж., С.К.К., С.М.А., К.М.З., А.Т.Х. жана жашы жете элек У.К., А.У., Ф.У., Х.К. бар.
Тергөө бул топтун тоолуу аймактарда, анын ичинде Ноокат районундагы Сахаба айылындагы жогорку жерлерде жана Базар-Коргон районундагы Арсланбапа тоосунда жашыруун жыйындар өткөргөндүгүн аныктады. Бул жыйындарда катышуучулар өздөрүнүн экстремисттик ниеттерин символдоштурган кара желектерди көрсөтүп, аскердик форма кийип, АК-74 жана башка үлгүдөгү ок атуучу куралдарды колдонушкан.
Мындан тышкары, топ «Вилаят Туркестан» террордук уюмунун филиалын түзгөндүгүн жарыялап, Ф.А. аттуу «амирге» берилгендик ант беришкен. Тергөө органдары согуштук даярдык Бишкекте жашаган үйлөрдө жана страйкбол оюндарынын шылтоосу менен өткөнүн аныктады, даярдыкты Сирияда согуштук тажрыйбасы бар Д.У. башкарган.
Уюшкан кылмыштуу коом «Ислам мамлекети» түзүү максатында Кыргызстанда террордук актыларды даярдаган. Бул боюнча алар бир катар оор кылмыштарды жасашкан, анын ичинде:
- 2021-жылдын 8-июлунда Ош – Кара-Суу автожолунда А.Б. жана Я.К. жарандарга АК-74 автоматын колдонуп, 350 миң долларды уурдоо;
- 2022-жылдын августунда Ноокат районунун Арал айылында Ош шаарынын тургуну Б.А.А.ны өлтүрүү;
- 2023-жылдын 27-январында Кара-Суу районунун Жим айылында М.А. жана Т.А. жарандарга ок атуучу куралды колдонуп, тоноо;
- 2023-жылдын ноябрь айында Ош шаарында ар кандай даректер боюнча ири партиядагы куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды тартып алуу.
2024-жылдын 27-сентябрында Ош шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, Н.Д.Т. жана А.Т.Х. Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. М.Н.У. жана С.К.К. 20 жыл эркинен ажыратылды, ал эми М.Ф.Ж. 12 жыл, К.М.З. 10 жыл, С.М.А. 8 жыл, К.Х.С. жана Х.Д.Г. кылмышты жашыруу жана экстремисттик уюмду каржылоосу үчүн 4 жыл эркинен ажыратылды.
Ош облустук соту 2025-жылдын 15-июлунда айыпталуучулардын аппеляциялык арыздарын канааттандырган жок, өкүмдү бекитти. Бирок С.К.К. үчүн жаза өзгөртүлүп, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жыл эркинен ажыратылды. 2025-жылы Ош шаардык соту Кылмыш кодексинин 252, 262, 330, 332 жана башка беренелери боюнча 20 кылмыш ишин карап, алардын 18и боюнча күнөөлүү өкүмдөр чыгарылды.
Ош облустук сотунун аппеляциялык инстанциясында 26 адамга карата 18 иш каралды, алардын 4үнүн өкүмдөрү өзгөртүлдү, ал эми калган 4 иш боюнча өзгөртүүлөр болгон жок.
Окшош материалдар:
