Бишкекте кезектеги бейтапка бекер бөйрөк трансплантацияланды. Кезекте дагы 200 адам бар
Бишкектеги Улуттук энелер жана балдар борборунда (УЭББ) 26-февралда бекер бөйрөк көчүрүү боюнча кезектеги операция өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө күтүп жаткан тизмеде 5-стадиядагы хроникалык бөйрөк оорусунан жабыркаган болжол менен 200 бейтап бар.