Кытай холдинги «Guangdong Holdings Limited» Кыргызстандагы ГЭС жана суу камсыздоо долбоорлоруна кызыгуу көрсөтүүдө
Адылбек Касымалиев Улуттук инвестициялык фонддун ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, чет элдик инвестицияларды өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тартуу өкмөттүн приоритеттеринин бири экенин айтты. Министрлер кабинетинин башчысы кытайлык холдингдин өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирип, Кытай Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тарап конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин, энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестициялар сыяктуу тармактарда иш алып барууга даяр экенин тастыкташты.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Адылбек Касымалиев Кытай компаниясынын өкүлдөрү менен ГЭС жана суу камсыздоо системасын куруу маселеси боюнча жолугушту
- Guangdong Holdings Limited компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда, өкмөт башчы Адылбек...