ГУВД Бишкек: Чет элдик жарандар өздөрүнүн жеке инсандыгын тастыктаган документтердин оригиналдарын алып жүрүшү керек
«Нелегал» операциясынын алкагында Бишкек ШИИБинин кызматкерлери чет өлкөлүк жарандардын миграциялык нормаларды сактоосун текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бишкек ШИИБи белгилегендей, аталган документтердин жоктугу ички иштер органдарында жеке адамды аныктоо жана мыйзамдуу болуу статусун текшерүү үчүн кармоого алып келиши мүмкүн. Рейддердин алкагында 35тен ашык чет өлкөлүк жаран Бишкек ШИИБине документтерин текшерүү жана мыйзамга ылайык чечим кабыл алуу үчүн жеткирилди.