Казакстандыктарды ден соолуктагы көйгөйлөрдөн улам айдоочулук укуктарынан ажырата башташты
Orda.kz маалыматтарына ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги 370 миң адамды диспансердик каттоого алган.
Эксперттердин маалыматы боюнча, 273 819 адам эч качан айдоочулук укукка ээ болбогон, 41 677 жаран айдоочулук күбөлүктөрүнөн ажыратылган, ал эми 54 миңден ашык адам транспортту башкарууга укуктуу.
Натыйжада сот органдарына 4,5 миң доо арыз жөнөтүлгөн. 2025-жылдын декабрь айына карата 1 787 адамдын укуктары жокко чыгарылган.
«Бул жарандар медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде транспорт каражатын башкарууга укук алышкан эмес».
Эми психоневрологиялык жана наркологиялык каттоодо турган Казакстан жарандары тууралуу маалымат Саламаттык сактоо министрлиги менен Ички иштер министрлигине автоматтык режимде жана реалдуу убакытта өткөрүлүп турат.
Окшош материалдар:
