Кыргызстанда алкогольдук продукцияга акциз салыгынын ставкалары жогорулады
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголь ичимдиктери үчүн акциздик салыктардын жогорулашы тууралуу маалымдайт. Кабмин тарабынан 2025-жылдын 18-декабрында кабыл алынган токтомго ылайык, алкоголь үчүн акциздик салыктар 2029-жылдын 1-январына чейин этап-этабы менен жогорулайт.