ЖК комитети ОПЕК фондунан $30 млн кредитти туруктуу өсүүнү колдоо үчүн биринчи окууда жактырды
- Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республика менен ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду ортосундагы «Устун жана инклюзивдүү өсүүнүн биринчи программасы» боюнча кредит келишимин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Бул келишим 2025-жылдын 22-сентябрында Бишкекте кол коюлган.