
2025-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын жалпы сырткы жана өз ара соодасы 14 миллиард АКШ долларын түздү, бул 2024-жылдын ошол эле мезгилине караганда 12,2% га төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, экспорттук жеткирүүлөр 43,5% га кыскарган, ал эми импорт 0,5% га өскөн.
Көрсөтүлгөн мезгилде ЕАЭС өлкөлөрү менен өз ара соода 4,9 миллиард долларды түзүп, 2024-жылдын январь-ноябрь айлары менен салыштырганда 1,3% га өскөн. Өз ара сооданын негизги бөлүгү Россияга (64,1%) жана Казакстанга (33,5%) туура келет.