2025-жылы Бишкекте 144 автобустун айдоочусу жумуштан бошотулду
Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын №2 автопаркынын башкы инженери Артур Омурзаков айдоочуларга карата дисциплинардык чаралар жана мыйзам бузуулар боюнча маалымат бөлүштү. Ал жол кыймылынын эрежелерин бузуу жана ЖЧКга катышуу үчүн айдоочулар 100% сыйлыктарынан айрылышарын белгиледи. Уюмда инциденттерди талдоо үчүн эки комиссия иштейт: айдоочулардын жүрүм-турумун баалаган дисциплинардык комиссия жана автобустардын зыяндары жана абалы боюнча маселелер менен алектенген техникалык