



ААК «Элдик Банк» Кыргызстандагы финансылык мекемелер арасында Жашыл климаттык фонддо (Green Climate Fund, GCF) аккредитация алган биринчи банк болуп калды, ал климаттык инициативаларды каржылоонун негизги глобалдык фонду болуп саналат.
GCF кеңеши акыркы жыйынында аккредитация берүү чечимин кабыл алды. Бул статус банк эл аралык стандарттарга ылайык келерин, корпоративдик башкаруу жана экологиялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча талаптарды аткарарын, ошондой эле эл аралык каржылоону колдонуп инвестициялык долбоорлорду структуралаштыруу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин тастыктап турат.
Аккредитациянын болушу банкка GCF ресурстарына түз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет жана Кыргызстанда узак мөөнөттүү каржылоонун жаңы горизонтторун ачат. Бул климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө жана экономикасынын ар кандай секторлорунда туруктуу инфраструктураны түзүүгө багытталган долбоорлорду өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
ААК «Элдик Банк» өзүнүн аккредитациясын финансылык институттун позицияларын бекемдөө үчүн негизги кадам катары карайт, ал эл аралык ресурстарды тартууга жана рационалдуу пайдаланууга көмөктөшөт, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоого багытталган.
Ачала Абейсингхе, Жашыл климаттык фонддун Инвестициялык кызматтар департаментинин директору, белгиледи:
«ААК «Элдик Банкты» Жашыл климаттык фонддун аккредитацияланган уюмдарынын катарына кошулушу менен куттуктайбыз. Аккредитация алуу Кыргызстанда климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана улуттук климаттык приоритеттерди колдоо үчүн жеке сектордон инвестицияларды тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жашыл климаттык фонд өлкөлөрдүн климаттык аракеттер үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу жана туруктуу инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында улуттук финансылык институттар менен кызматташууга умтулат. GCF аккредитациялык системасын реформалоо келечектеги Фонддун өнөктөштүк моделин көбүрөөк ачык, ийкемдүү жана натыйжалуу кылып, адилеттүүлүк жана жоопкерчилик принциптерин бекемдейт».
Уланбек Ногаев, ААК «Элдик Банк» башкармалыгынын төрагасы, белгиледи:
«Жашыл климаттык фонддо аккредитация алуу Элдик Банк үчүн маанилүү жетишкендик. Бул банк эл аралык талаптарга жооп берерин жана глобалдык климаттык каржылоонун инструменттери менен иштөөгө даяр экенин тастыктап турат.
Биз бул статусу узак мөөнөттүү ресурстарды тартуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн маанилүү долбоорлорго багыттоо механизми катары карайбыз. Биздин максат - бул каражаттарды эффективдүү жана ачык пайдаланууну камсыздоо, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана климаттык туруктуулугун жогорулатуу».
Лиц.НБКР №033