
Ноорузду белгилөө учурунда Нарын шаарында президент Садыр Жапаров 2022-жылдан тарта «Кумтор» алтын кенинин жалпы кирешесинин 0,6%ы «Тенир-Тоо» аймагын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн фондго түшүп жатканын билдирди.
Жапаровдун айтымында, учурда фондго болжол менен 2 миллиард сом топтолгон. Бул каражаттар Нарын облусундагы ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалууда.