ЕАЭС өлкөлөрүнө эл аралык жүк ташуулар үчүн атайын уруксаттарды берүү жана колдонуу мөөнөттөрүн бирдиктүү кылуу сунушталды
ЕЭК коллегиясы кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксаттарды алуу менен байланышкан бир катар процедураларды жеңилдетүү боюнча бирдиктүү жактарды бекитти.
Бул сунуштар Евразия транспорт коридорлору жана маршруттарынын тизмесине кирген жолдор боюнча эл аралык авто ташууларга тиешелүү.
Документте катышуучу өлкөлөр үчүн атайын уруксаттарды берүү жана иштөө мөөнөттөрү, ошондой эле арыздын формасы жана керектүү маалыматтар боюнча жалпы сунуштар көрсөтүлгөн.
Атап айтканда, ЕАЭС өлкөлөрүнө төмөнкү убакыт ченемдерин белгилөө сунушталды:
а) атайын уруксаттын берилүү мөөнөтү 6 жумушчу күндөн ашпашы керек;
б) атайын уруксаттын иштөө мөөнөтү — максималдуу 1 күнтүздүк жыл.
«Бул сунуштарды ишке ашыруу ташуучулар үчүн атайын уруксаттарды даярдоо жана алуу процессин жеңилдетет, ошондой эле транспорт-логистикалык жана контролдук процедураларга кеткен чыгымдарды азайтууга жардам берет», — деп комментарий берди ЕЭКтын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Кыргызстан жана Швейцария жүк жана жүргүнчүлөрдү авто ташуу боюнча либерализация жөнүндө макулдашты
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Швейцариянын Федералдык Кеңеши менен эл аралык жүк...
Контейнердик ташууларды санариптештирүүнү Арзыбек Кожошев жана Россиянын Минтранс мекемеси талкуулашты
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында...