
Бул долбоордун алкагында өлкө боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат.
Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып, энергетика тармагын модернизациялоого багытталган, деп билдирет Энергетика министрлиги.
Акылдуу эсептегичтердин региондорго бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
- г. Бишкек – 91210 даана;
- Чүй облусу – 89129 даана;
- Ош облусу – 68242 даана;
- Баткен облусу – 54997 даана;
- Жалал-Абад облусу – 71546 даана.
Цифрландыруунун негизги максаты электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгын жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу, электр энергиясын камсыздоонун сапатын жакшыртуу, ошондой эле бул тармакта санарип инфраструктураны өнүктүрүү.
Акылдуу эсептегичтердин жардамы менен электр энергиясын реалдуу убакытта так эсептөө, техникалык кемчиликтерди тез аныктоо, уруксаты жок туташтырууларды алдын алуу жана эсептөөлөр үчүн маалыматтын тактыгын камсыздоо мүмкүн.
Мындан тышкары, бул жаңылык пайдаланууну эффективдүү башкарууга мүмкүнчүлүк берет, колдонуучуларга энергияны рационалдуу пайдаланууга жардам берет.
Электр энергиясына байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыз: 105; +996 772 001209; +996 556 001209, WhatsApp: +996 702 001209