
Система төмөнкү негизги процесстерди автоматташтырууну камтыйт:
- электрондук түрдө арыздарды кабыл алуу;
- кошумча документтерди алдын ала текшерүү;
- QR-код аркылуу кызматтарды төлөө;
- электрондук арыздарды лабораторияларга жөнөтүү жана электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) менен протоколдорду алуу;
- Борбордун директору тарабынан электрондук форматта чечимдерди кабыл алуу;
- QR-код менен электрондук күбөлүктү түзүү;
- катталган дары-дармектердин реестрин жүргүзүү;
- маалымат издөөгө арналган аналитикалык модулду ишке киргизүү.
Бардык этаптарды автоматташтыруу арыз ээлерине ЭСК аркылуу документтерди онлайн түрүндө тапшырууга, арыздын каралышынын процессин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана анын статусу тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Жооптор автоматтык түрдө Борбор тарабынан түзүлүп, жөнөтүлөт.
Бул системаны киргизүү арыз ээлери, лабораториялар жана Борбор ортосундагы электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү механизмин түзөт. Ошондой эле, АИСти башка мамлекеттик маалымат системалары менен интеграциялоо пландалууда, бул анын функционалын келечекте кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.