КР Саламаттык сактоо министрлигинде Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу маселелери талкууланды

Сергей Мацера Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
КРдин Саламаттык сактоо министрлигинде Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу маселелери талкууланды

Жыйындын жүрүшүндө лабораториялык кызматты башкаруунун эффективдүү системасын түзүү, эл аралык сапат стандарттарын киргизүү жана мониторинг, көзөмөл жүргүзүү үчүн цифралык технологияларды колдонуу, ошондой эле лабораториялык ресурстарды оптималдуу пайдалануу жана анализдердин натыйжаларынын тактыгын жогорулатуу зарылдыгына басым жасалды.

Ошондой эле талкууланган маселелердин арасында медициналык калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу аспекттери, анын ичинде мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана алардын дезинфекциясы жана утилзациясы үчүн заманбап технологияларды киргизүү маселелери болду. Жыйынга чакырылган адистер лабораториялардын структурасы жана медициналык калдыктарды башкаруу системасы боюнча өз сунуштарын беришти.

Министр лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана медициналык калдыктарды эффективдүү башкаруу мамлекеттик саясаттын саламаттык сактоо тармагындагы негизги аспекттери экенин белгилеп, бул оорулардын алдын алууга, убагында диагноз коюуга жана калктын саламаттыгын коргоого түздөн-түз таасир этээрин айтты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча профилдик бөлүмдөргө белгиленген багыттарды жакшыртуу жана коюлган тапшырмаларды этап-этабы менен аткаруу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: