Депутат эмгек кодексинде айлыкты индексациялоо нормасын бекитүүнү сунуштады
Мыйзам долбоорунун түшүндүрмө жазуусунда 2014-жылдан 2024-жылга чейин инфляция 68,2% түзгөнү көрсөтүлгөн. Ошондой эле, 2025-жылы кабыл алынган жаңы Эмгек кодексинде 2004-жылдын 4-августундагы эски Эмгек кодексинен эмгек акынын реалдуу мазмунунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн индексациялоо боюнча иш берүүчүлөргө милдеттендирген норманын алынып салынганы белгиленген.
«Учурдагы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин редакциясы жумушчунун адилеттүү эмгек акысын камсыз кылса да, эмгек акынын реалдуу мазмунун сактоо үчүн так механизмдер жок. Индексацияны реалдуу эмгек акынын мазмунун камсыз кылуу жолу катары түз мыйзамдык көрсөтмөнүн жоктугу жумушчулардын укуктарын коргоо деңгээлин төмөндөтүп, эки маанидеги интерпретацияларга алып келет», - деп баса белгилейт депутат.
Мыйзам долбоорунда Эмгек кодексинин 91-беренесине (Жумушчулардын эмгек акысы. Эмгек акысын төлөө формалары) төмөнкү мазмундагы 9-пунктту киргизүү сунушталууда:
9. Жумушчулардын эмгек акысынын реалдуу мазмунунун деңгээлин жогорулатуу, товарлар жана кызматтардын бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акысын индексациялоо аркылуу камсыздалат.
Республикалык бюджеттен каржыланган уюмдарда эмгек акыларды индексациялоо белгиленген мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Республикалык бюджеттен каржыланбаган уюмдарда эмгек акысын индексациялоонун шарттары, тартиби жана мезгилдүүлүгү коллективдик келишим, макулдашуулар же жергиликтүү нормативдик актылар менен аныкталат.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Депутат баалардын өсүшүнө байланыштуу айлыкты индексациялоону сунуш кылууда. Проект
Гульнара Акимбаева, депутат, мыйзам долбоорун сунуштады, ал учурда Жогорку Кенештин сайтында...