
Учреждение учурда 97,8 миллион сомдук бөлүнгөн бюджеттин алкагында өндүрүш процессин жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык келишимдер түзүлдү, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап жабдууларды жеткирүү жүрүп жатат жана кызматкерлерди окутуу жүргүзүлүүдө.
2025-жылы мекеменин ишмердүүлүгүн каржылоого 123,0 миллион сом бөлүнгөн, бул 2024-жылга салыштырмалуу 10%га көп (111,8 миллион сом). Бул өсүш кызматтарды алгандардын санын кеңейтүүгө жана протездөө тармагында жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Мындан тышкары, пациенттердин индивидуалдуу муктаждыктарын эске алуу менен жаңы ортопеддик бут кийимдердин жана жогорку жана төмөнкү конечностор үчүн протездердин моделдери иштелип чыкты. Биринчи жолу «Киби» заманбап активдүү протездери жана «Инди» бионикалык протездери «Моторика» компаниясы тарабынан балдар үчүн өндүрүлдү.
2023-2025-жылдар аралыгында 34 бала «Киби» жана «Инди» кол протездерин алышты, алардын 76% республикалык бюджеттен каржыланды.
Ошондой эле, Түштүк Кореянын «Фаблаб» лабораториясы менен кызматташуу меморандумунун алкагында Бишкекте эки чоң адамга электрондук кол протездери даярдалып берилди.