2025-жылы 11,5 миңден ашык адам протездик-ортопедиялык кызматтарды алышты, - Эмгек министрлиги
Министрликке караштуу республикалык протездик-ортопеддик мекеме, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды заманбап жана сапаттуу протездер жана кыймылдоо каражаттары менен камсыз кылууга багытталган ишин улантууда.
Отчеттук мезгилде протездик-ортопеддик буюмдарды жасап чыгуу жана оңдоо, ошондой эле башка жеке кыймылдоо каражаттары боюнча кызмат алган адамдардын саны 2024-жылга салыштырмалуу 7% га өстү, 11,5 миң адамды түздү (2024-жылы — 10,7 миң адам).
Мекеменин ишмердүүлүгүн каржылоонун көлөмү быйыл 123,0 миллион сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 10% га көп (111,8 миллион сом). Бул каражаттар кызмат алгандардын санын көбөйтүүгө жана протезирлөө тармагында жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Учурда бөлүнгөн бюджеттин алкагында 97,8 миллион сомго өндүрүштү модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык келишимдер түзүлдү, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап жабдыктарды жеткирүү жүргүзүлүүдө, ошондой эле жаңы станоктордо иштөө үчүн кызматкерлерди окутуу уюштурулууда.
Мындан тышкары, жеке пациенттердин муктаждыктарын эске алуу менен, жаңы ортопеддик бут кийимдердин жана жогорку жана төмөнкү мүчөлөр үчүн заманбап протездердин моделдери иштелип чыгууда жана жакшыртылууда. Протезисттер биринчи жолу «Киби» активдүү тартуучу протезин жана «Инди» бионикалык протезин «Моторика» компаниясынан, Сколково резидентинен, балдар үчүн жасап чыгышты.
2023-жылдан 2025-жылга чейин 34 балага «Киби» жана «Инди» кол протездери жасалды, алардын 76% республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Мындан тышкары, Бишкекте жайгашкан кореялык «Фаблаб» лабораториясы менен кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө. Бул кызматташтыктын натыйжасында эки чоң адамга электрондук кол протездери жасалып берилди.