
10-февралда Бакыт Торобаевдин катышуусунда Экономика жана соода министрлигинин коллегиясынын жыйынында Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 2025-жылга карата отчетун сунуштады.
Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков жаңы команда келгенден кийин болгон маанилүү өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди. Каржы дисциплинасын жакшыртуу, чыгымдарды оптималдаштыруу жана иштин негизги багыттарына көңүл буруу приоритеттүү милдеттердин бири болуп калды.
Катаал каржы контролунун аркасында Фонд 56,1 млн сомдук карызды кайтарып алууга жетишти, бул Нарын шаарындагы жана Тосор айылындагы долбоорлор боюнча насыяларды толук төлөп берүүнү камтыйт. Ошондой эле IT жана байланыш боюнча чыгымдар оптималдаштырылды, бул ресурстарды башкаруунун көбүрөөк ачык жана туруктуу моделин түзүүгө жардам берди.
«Консолидирленген каражаттар негизги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды. Учурда 18 Rest Point объектиси ичинен 11и иштеп жатат, калган 7си курулуштун акыркы стадиясында. Мындан тышкары, Ош облусунда үч жаңы объект түзүү үчүн Дүйнөлүк банктан 4,5 млн доллардан ашык гранттык каражат тартылды», — деп белгиледи ал.
Адилет Джанузаков ошондой эле Фонддун GoBus дочерний структурасы жүргүнчүлөрдү ташуу менен активдүү алектенерин жана ири туристтик иш-чаралар үчүн логистикалык өнөктөш катары кызмат кылып жатканын айтты. Учурда шаар аралык рейстер үчүн электрондук билет системасын киргизүү даярдалып жатат.
Фонд ошондой эле инвестицияларды тартууга жана узак мөөнөттүү экономикалык таасирди түзүүгө багытталган улуттук маанидеги долбоорлорго көңүл буруп жатат. «Тамга–Тосор» эл аралык спорттук комплекси боюнча иштеп жаткан потенциалдуу инвесторлор менен активдүү иш алып барылууда, жалпы инвестициянын көлөмү 100 млн доллардан ашык. Мындан тышкары, Baytik Mountain Resort жана Chatkal Mountain Resort долбоорлорун өнүктүрүү улантылууда.
Фонддун башкаруу стратегиясы ресурстарды рационалдуу пайдаланууга, туруктуу инвестициялык шарттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык өсүш үчүн маанилүү фактор катары туризмди өнүктүрүүгө багытталган.