Касымалиев Emirates News'ка Кыргызстандын реформалары жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу интервью берди

Сергей Гармаш Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram

Кыргызстандын премьер-министри жана президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Дубайда өткөн Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде Бириккен Араб Эмирлигинин мамлекеттик жаңылыктар агенттигине Emirates News (WAM) интервью берди.
Ал сүйлөшүү учурунда Саммиттин маанилүүлүгүн, өлкөнүн стратегиялык приоритеттерин, ошондой эле кыргыз-эмирлик кызматташтыгынын негизги багыттарын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Касымалиев Кыргызстан эл аралык коомчулукка өзүнүн тажрыйбасына негизделген эффективдүү экономикалык өсүү моделин сунуштап жатканын белгиледи. Ошондой эле ал Дубайда өткөн «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Кар акбар»: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент тууралуу айтып берди, бул өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын практикалык мисалы болуп калды.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

ОАЭ менен кызматташуу тууралуу сөз кылып, Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринин Кыргызстан үчүн ишенимдүү жана стратегиялык жактан маанилүү өнөктөш экенин баса белгиледи. Ал кайра жаралуучу энергия, инфраструктура, логистика, айыл чарба, туризм, ошондой эле финансылык жана заманбап технологияларды киргизүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң потенциал бар экенин белгиледи.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: