
Презентация "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында өттү
Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттүк Саммитте (World Governments Summit) "Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 'Кар көчкү' модели: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар" аттуу биринчи сайд-ивент өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасында эмираттык "Өкмөттүк акселераторлор" программасын колдонуу боюнча кыска видеороликти көрүштү.
Сайд-ивентте Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев, БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын жана бизнес структураларынын жетекчилери болушту.
Касымалиев бул экономикалык өсүш моделинин үч негизги багыты бар экенин белгиледи: өкмөттүк акселераторлор, күчтүү институттар жана инвестициялар. Ал өкмөттүк акселераторлор программасы мамлекеттик башкарууга олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизгенин баса белгиледи. Анын жардамы менен Кыргызстандын өкмөтү актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган 100 күндүк реформаларды ишке ашырууну баштады. Натижада 17 реформа ийгиликтүү ишке ашырылып, курулуш, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо, жер мыйзамдары жана эл аралык жүк ташуу сыяктуу тармактарда процесс жеңилдеди. Бюрократиялык процедуралар кыскартылып, чечим кабыл алуу мөөнөттөрү кыйла кыскартылды.
Касымалиев: "Реформалардын натыйжалары калк тарабынан оң кабыл алынды" деп кошумчалады.
Сүрөт www