Ошондой эле, пайдалы кендерди казуу үлүшү 9,2%ды, электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыздоо сектору 10,2%ды түздү. Суу камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра иштетүүчү чийки зат өндүрүшү сектору 0,9%ды түздү.
2025-жылы пайдалы кендерди казуу тармагындагы өндүрүш көлөмү 73 млрд 355,8 млн сомду түзүп, 2024-жылга салыштырганда физикалык көлөмдүн индекси 114,2%ды түздү. Декабрь айында казуу көлөмү 8 млрд 020,2 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 104,1%га жетти.
Казууда өсүш көлөмдөрдүн көбөйүшү менен камсыздалды:
- башка пайдалы кендер – 40,2%га,
- металл рудалары – 21,6%га,
- көмүр – 10,3%га.
Бирок, 2025-жылы чийки мунай жана табигый газ өндүрүшүнүн көлөмдөрү 12,1%га азайды.