
Жаңы подстанция куруу менен катар, үч эски энергетикалык объектти жаңылоо пландаштырылууда:
- Кара-Куль РЭСинин имараты,
- Аксый РЭСине тиешелүү Кербен УЭСинин имараты,
- Токтогул РЭСине тиешелүү Уч-Терек УЭСинин имараты.
Мындан тышкары, региондо 5000 темир-бетон опорду алмаштыруу, 270 чакырым аба электр өткөргүчтөрүн заманбап өзүн-өзү кармап турган изоляцияланган зымдарга (СИП) өткөрүү жана 50 жаңы трансформаторду орнотуу пландалууда.
Бул иш-чаралар туруктуу электр энергиясын камсыздоого, калк үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана энергетикалык сектордо ачыктыкты күчөтүүгө багытталган.