2025-жылы 150 километрден ашык СИП-кабелдер Чүй электр тармактары тарабынан тартылып, реконструкцияланды.
Бул иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда 7,52 км 35/10 кВ аба электр өткөргүч линиялары жана 15,75 км 10 кВ аба электр өткөргүч линиялары СИП-3 колдонуу менен орнотулду, ошондой эле 146,24 км 10 кВ линиялары СИП-2ге өткөрүлдү.
Алардын арасында:
- Аламудун району – 31,2 км;
- Кемин району – 6,2 км;
- Москва району – 13,7 км;
- Жайыл району – 23,34 км;
- Сокулук району – 32,6 км;
- Чүй району – 7,5 км;
- Ысык-Ата району – 16,5 км;
- Панфилов району – 15,2 км.
СИП-кабель жаратылыш көрүнүштөрүнө, аба электр өткөргүч линияларына терс таасир этүүчү жагдайларга жогорку туруктуулукка ээ.
Ал температуранын өзгөрүүлөрүнө, муздун пайда болушуна, жаан-чачынга жана күчтүү шамалдарга жакшы туруштук берет. Ураган жана жамгыр шарттарында салттуу алюминий зымдар ашыкча механикалык жүктөмдөрдөн үзүлүп кетиши мүмкүн, ал эми СИП кыйын шарттарда да ишенимдүүлүктү көрсөтөт, бул анын маанилүү артыкчылыгы болуп саналат.
Бул иштер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга жана авариялык кырдаалдардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн азайтууга багытталган.
Электр энергиясын камсыз кылуу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылыңыз:
105 (бесплатный звонок)
+996 772 001209
+996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209