Ат-Башынын тургундарына айыл өкмөтүнүн бюджетин 45 эсе көбөйтүүнүн жолдору айтылды
Мамлекеттик администрациянын башчысы Ат-Баши районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Өзүнүн сөзүндө аким Мухтар Шербаев башкаруучулук жолунда банктарда, эл аралык уюмдарда жана кен казуу компанияларында иштегенин айтты. Акимдин айтымында, жыйналган билимдери анын мурунку ишмердүүлүгүндө конкреттүү натыйжаларды алып келген. «Мен бул тажрыйба жөнүндө жөн эле айтып жаткан жокмун. Биз айыл өкмөтүнүн бюджетин 2 миллион сомдон 90 миллион сомго чейин жеткире алдык. Натыйжада айыл өкмөтү