
2026-жылдын 30-мартынан баштап Кыргызстанда «Глобалдык акча жума-2026» аттуу финансылык билимди жогорулатуу боюнча жылдык кампания башталат.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, иш-чара «Акча акыл менен – үйдө жетиштүү» деген ураан менен өтөт. Бул ураан финансылык билимге комплексдүү мамилени, чыгымдарды көзөмөлдөө, инвестициялоо, алдамчылыктан коргонуу жана финансылык инструменттер боюнча ишенимдүү маалымат издөөнү үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн чагылдырат.
30-марттан 3-апрелге чейин өлкөнүн ар кайсы региондорунда, мамлекеттик мекемелердин, коммерциялык банктар, финансылык компаниялар жана окуу жайларынын колдоосу менен, ачык сабактар, семинарлар, лекциялар, ачык эшик күндөрү, банктарга экскурсиялар, ошондой эле интерактивдүү оюндар, конкурстар жана викториналар уюштурулат.
Иш-чараларга катышуучулар финансылык коопсуздук тууралуу маалымат ала алышат, финансыларды башкаруу боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүшөт жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшөт.
Иш-чаралардын планы Улуттук банктын расмий сайтында www.nbkr.kg жана www.finsabat.kg сайтында табылат.
Маалымат үчүн: Глобалдык акча жума (Global Money Week, GMW) — 2012-жылдан бери 176 өлкөдө өткөрүлүп келе жаткан эл аралык кампания, жаштарга жана балдарга сапаттуу финансылык билим берүүгө багытталган. Кампаниянын максаты – финансылар боюнча маалыматка жетүүнү камсыз кылуу, бул жаштарга негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууга жана финансылык жыргалчылыктарын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда бул жума 2015-жылдан бери Улуттук банктын координациясында өтүп келет.