
30-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстанда финансылык билимге арналган жылдык кампания «Глобалдык акча жумаасы — 2026» өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
«Акча акыл менен — үйгө жетиштүү» деген ураан менен бул инициатива калктын финансылык билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Кампаниянын алкагында жарандар өз чыгымдарын контролдоо, инвестициялоонун негиздери, финансылык алдамчылыктан коргонуу жана ар кандай финансылык инструменттер боюнча ишенимдүү маалыматты издөөнүн жолдору тууралуу билим алат.
Регулятордун маалыматы боюнча, иш-чаралар өлкөнүн бардык райондорун камтыйт. Мамлекеттик мекемелер, коммерциялык банктар, финансылык уюмдар жана билим берүү мекемелери менен кызматташтыкта ачык сабактар, лекциялар, семинарлар, ачык эшик күндөрү, банктарга экскурсиялар, ошондой эле ар кандай интерактивдүү оюндар, конкурстар жана викториналар пландалууда.
Иш-чаранын катышуучуларына финансылык коопсуздук жана негизделген финансылык чечимдерди кабыл алуу боюнча практикалык маалымат берилет.
Иш-чаралардын толук планы Улуттук банктын жана финансылык билим берүү долбоорунун расмий ресурстарында жеткиликтүү.
Глобалдык акча жумаасы (Global Money Week) 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет жана 170тен ашык өлкөнү камтыйт. Кампаниянын негизги максаты — балдар жана жаштар үчүн финансылык билимге жетүүнү кеңейтүү жана жеке финансыларды башкаруу жөндөмдөрүн калыптандыруу.
Кыргызстанда бул акция 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, бул жерде Улуттук банк координатор катары чыгат.