Чүй облусунда заманбап сүт заводу курулат
Жаңы заводдун негизги максаты — импортко болгон көз карандылыкты азайтуу жана Кыргызстан рыногун сапаттуу сүт азыктары менен камсыз кылуу, аларды атаандаштыкка жөндөмдүү баалар менен сунуштоо. Жергиликтүү товарлардын импорттук товарларга салыштырмалуу орточо 30% арзан болору болжолдонууда.
Ишкана толук цикл боюнча иштейт, айына 1000 тонна сүт жана 100 тонна каймак өндүрүү көлөмүнө ээ болот. Заводдун иши ушул жылдын августунда башталат деп күтүлүүдө, анын продукциясы өлкөнүн муктаждыктарынын 25% жапканга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоордун жалпы бюджети 10 миллион доллардан ашык, анын 5,5 миллиондон ашыгы Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.
Өндүрүштө заманбап технологиялык линиялар орнотулат, бул пастеризацияланган сүттү сактоо мөөнөтүн 18 күндөн 28 күнгө чейин узартууга мүмкүндүк берет. Tetra Pak упаковкасы ультрапастеризацияланган продукциянын сактоо мөөнөтүн тогуз айга чейин узартат, бул экспорт үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
Долбоор агрардык секторго да оң таасир тийгизет: Чүй облусунан 1000 дөн ашык фермердик чарба чийки затты камсыздайт, ал эми жаңы заводдо 70 жумушчу орун пайда болот.
Бул демилге Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын приоритеттерине толук жооп берет, ал кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.
Дагы окуңуз:
Чүй облусунда муздаткыч комплекс курулат
Чүй облусунда жайгашкан Ак-Суу айылында жаңы муздаткыч комплекс курула баштайт. Бул тууралуу...