
Кыргызстанда тигүү секторунун жумушчулары үчүн милдеттүү салык төлөмдөрүн төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Салык кызматынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бул маалыматты «Биринчи радио» эфиринде бөлүштү.
Ал мурда тигүү тармагындагы ишканалар үчүн негизги жүк бирдиктүү салык ставкалары эмес, жумушчулар үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төлөмдөрү болгонун белгиледи. Кызматкерлердин категориясына жараша мындай төлөмдөр 5,5 миңден 9,5 миң сомго чейин өзгөрүп турган.
«Бул суммалар өтө жогору болуп калгандыктан, биз бардык жумушчулар категорияларын бириктирип, төлөмдү 2,5 миң сомго төмөндөтүүнү чечтик. Натыйжада салык төлөмдөрү үч-төрт эсе төмөндөтүлдү. Андан кийин сектордун өкүлдөрү ачык иш жүргүзүүгө жана жумушчуларды расмий каттоого даяр экендиктерин билдиришти», — деди Кубанычбек Ысабеков.
Ал ошондой эле 2022-жылы тигүү тармагына 0,25 пайыздык бирдиктүү салык ставкасы киргизилгенин, бул өндүрүш сектору үчүн эң төмөнкү ставка экенин белгиледи.
Расмийдин айтымында, башка өндүрүштөр үчүн салык ставкасы кыйла жогору: наличный эсептер үчүн 4 пайыз, ал эми безналичный эсептер үчүн 2 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, кээ бир чакан бизнес өкүлдөрүнө патент боюнча иштөө мүмкүнчүлүгү калууда. Мисалы, 10 машинасы бар кичинекей тигүү цехтери үчүн салык 2 миң сом, ал эми ар бир кошумча 10 машина үчүн 1 миң сомду түзөт. Ошол эле учурда, ар бир патент боюнча жалпы айланма 8 миллион сомдон ашпашы керек.
Кубанычбек Ысабеков тигүү тармагы миңдеген адамдар үчүн жумуш орундарын камсыздап, маанилүү социалдык ролду ойнорун баса белгиледи. Мамлекет бизнес үчүн легалдуу жана туруктуу иштөө шарттарын түзүүгө кызыкдар.