
Зыярат учурунда министрге племенной биолабораторияда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди, анда ири мүйүздүү малдын генетикалык мүнөздөмөлөрү үзгүлтүксүз жакшыртылып, жасалма уруктандыруу натыйжалуулугу жогорулатылууда, ошондой эле уруктандыруучулар үчүн керектүү көлөмдө суюк азот менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Биз санынан сапатына өтүшүбүз керек. Бул генетикалык жактан таза породолордон уруктук материал алуу үчүн жалгыз жол. Бул багыт биздин артыкчылыгыбыз. Ошондой эле жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташтырылган жана тиешелүү сыноолордон өткөн жайыт өсүмдүктөрүнүн отандык уруктарына көңүл буруу маанилүү», - деп баса белгиледи министр.
Акунбеков ошондой эле ишкананын жетекчилигине заводду толук реконструкциялоо үчүн сметалык долбоорду иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ал оңдоо иштеринин прогрессин баалоо үчүн кийинки жумада заводду кайрадан зыярат кылууну пландап жатканын белгиледи.