Нарын облусунда 325 МВт кубаттуулуктагы күн энергиясы станциясын куруу пландалууда. Бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн стабилизациялык режим боюнча тиешелүү келишим Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кол коюлган.
Бул документ эки компания менен түзүлгөн: ОсОО "Солар Системс" жана ОсОО "АСТ Империал". Долбоор Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн энергиясы станциясын куруу жана андан ары эксплуатациялоону камтыйт. Инвестициянын көлөмү болжол менен 200 миллион долларды түзөт.
Келишимди кол коюу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин орун басары Мээримбек Койчуманов катышты.
Бул келишимдин кол коюлушу инвесторлор үчүн туруктуу жана болжолдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу мезгилинде укуктук жана экономикалык чөйрөнүн туруктуулугун камсыздоого багытталган.
Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн энергетикалык балансында жаңылануучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүгө маанилүү салым болуп, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана экологиялык таза энергетиканы өнүктүрүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, күн энергиясы станциясын куруу региондогу социалдык-экономикалык прогресске салым кошуп, куруу процессинде жана объектти эксплуатациялоодо жаңы жумуш орундарын түзүп, Нарын облусуна кошумча инвестицияларды тартууга көмөктөшөт.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде стратегиялык инвесторлорду тартуу жана экономикалык өнүгүүгө, өлкөнүн инвестициялык тартымдылыгын жогорулатууга багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү иштерди улантып жатышкандыгын белгилешти.