
Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 850 МВт болгон күн энергия станцияларын ишке киргизүү пландалууда.
Республикалык жыйында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков энергетика тармагындагы маанилүү аспектилерди белгилеп өттү.
Ал Кыргызстан энергетикалык системасын өнүктүрүүнүн жаңы этабына кирип жатканын айтты.
Учурда өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча бир катар чаралар ишке ашырылууда.
2025-жылы орнотулган кубаттуулук 213,6 МВтка көбөйдү, бул Токтогул жана Уч-Коргон ГЭСтериндеги гидроагрегаттарды алмаштыруу жана 44,6 МВт жалпы кубаттуулуктагы сегиз чакан ГЭСти, ошондой эле Кемин районунда 100 МВт кубаттуулуктагы күн энергия станциясын киргизүү менен ишке ашты.
Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырып турган CASA-1000 долбоорунун электр өткөрүү линиясы пайдаланууга берилди.
Учурда Камбар-Ата ГЭС-2де 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи агрегатты орнотуу боюнча иштер улантылууда.
«2026-жылы 80,6 МВт жалпы кубаттуулуктагы 13 чакан ГЭСти жана 850 МВт кубаттуулуктагы күн энергия станцияларын киргизүүнү пландап жатабыз», - деп кошумчалады ал.
сүрөт www