Анын айтымында, 2021-жылдан 2025-жылга чейин "Кумтор" дун ишмердүүлүгүнөн жалпы киреше 440 миллиард сомдон ашат. Анын ичинен 100 миллиард сомдон ашыгы бюджетке салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө түшкөн. Соңку төрт жылда мамлекет ошондой эле 38 миллиард сомдон ашык дивиденд алган.
Президенттин белгилөөсү боюнча, 1994-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстанга "Кумтор" дун дивиденддери түрүндө 100 миллион доллар чамасында төлөнгөн.Жапаров белгилегендей, эгер мурда 410 тонна алтындын ичинен болгону 1 тонна өлкөгө пайда алып келсе, азыр "Кумтор" бюджеттин кирешелеринин ишенимдүү булагына айланды, ал социалдык программаларды жана инфраструктуралык долбоорлорду колдойт.