
Экономика жана соода министрлигинин алдындагы антимонопольдук жөнгө салуу кызматынын кызматкерлерине арналган жыйында Беназир Нурланова Айбек Мамыралиевди жаңы төрага катары тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Өз сөзүндө вице-министр ведомствонун негизги милдеттери адилеттүү атаандаштык чөйрөсүн түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана антимонопольдук мыйзамдардын сакталуусун көзөмөлдөө экенин белгиледи.
Социалдык мааниси бар товарлардын бааларына контролду күчөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү. Кызматка негизсиз баа жогорулатуунун алдын алуу жана баа келишимдерин аныктоо үчүн мониторингди активдештирүү тапшырылды. Бул кадамдар социалдык-экономикалык туруктуулукту сактоого жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Беназир Нурланова жаңы төраганын бай тажрыйбасы жана башкаруу жөндөмдөрү кызматтын функцияларын эффективдүү ишке ашырууга жана атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча негизги милдеттерди чечүүгө системалуу мамиле жасоого жардам берерин белгиледи.
Мурдагы төрага Орозбаев Женалы болгонун эске салуу керек.