
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында өлкөнүн жалпы ички өнүмү 125,7 миллиард сомго жетти, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9%га көп.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүшү, кызмат көрсөтүүлөр жана таза салыктык кирешелердин көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалды. Айрыкча, январь айында товар өндүрүшүнүн өсүү темпи 11,8%га, кызмат көрсөтүүлөр 8,9%га, ал эми таза салыктык кирешелер 5,4%га өстү.
ИДПнын структурасы кызмат көрсөтүүлөрдүн эң чоң үлүштү, тактап айтканда 52,3% түзгөнүн көрсөтөт, бирок бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырганда 2 пайыздык пунктка төмөн. Ошол эле учурда товар өндүрүшүнүн үлүшү 4,2 пайыздык пунктка көбөйүп, 30,7%га жетти.
Мындан тышкары, өнөр жайдын үлүшү 4,3 пайыздык пунктка, курулуш 0,3 пайыздык пунктка өстү. Ал эми айыл чарба үлүшү 0,4 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
