
Жогорку Кенештин өнөр жай саясаты, транспорт жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана байланыш министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев 2026-жылга пландарды жарыялады. Анын айтымында, жол куруу үчүн жалпы бюджет 39 миллиард 111 миллион сомду түзөт.
Бул суммадан 1,5 миллиард сом Караколдун ички жолдору үчүн стабилизация фондунан бөлүнөт. Ошондой эле, капиталдык инвестициялардын алкагында 20 миллиард 680 миллион сом каралган, анын ичинен 17 миллиард 680 миллион сом Барскоон–Бедель жолун курууга жумшалат. Жол фондусуна 7 миллиард 949 миллион сом бөлүнгөн, бул сумма кошумча каражаттар келип түшкөндө көбөйүшү мүмкүн.
457 чакырым жолду асфальттоо пландалган аймактар:
- Чүй облусу – 83 км
- Нарын облусу – 74 км
- Талас облусу – 61 км
- Ысык-Көл облусу – 58 км
- Ош облусу – 76 км
- Жалал-Абад облусу – 65 км
- Баткен облусу – 37,4 км