2025-жылы Минтранс 1,5 миңден ашык чакырым жолдорду куруп жана оңдоп чыкты
Жыйында депутаттар өлкө боюнча автомобиль жана ички жолдордун учурдагы абалы менен таанышышты.
Министрдин орун басары Минтранс 19 миңден ашык километр жолдорду тейлөөгө жооптуу экенин, анын ичинен 6 миң 800 километр гана асфальтталган жолдор экенин билдирди.
2025-жылы министрликтин бюджети 57 миллиард 128,6 миллион сомду түздү. Жол фондусуна жыл ичинде 12 миллиард 658 миллион сом келип түшүп, министрликке 11 миллиард 525 миллион 997 миң сом бөлүндü. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы фондго 5 миллиард 846 миллион 849 миң сом келип түшкөн.
Базаралиев өткөн жылы Минтранс 1 миң 606 километр жолду куруу жана оңдоого жетишкенин, анын ичинен 1 миң 545 километрге асфальтобетон жабындысы төшөлгөнүн белгиледи.
Ал ошондой эле бул жыйынтыктар өткөн жылдарга салыштырмалуу маанилүү өсүүнү көрсөтүп жатканын айтты: 2021-жылы болгону 175 километр оңдолгон, 2022-жылы — 488, 2023-жылы — 673, ал эми 2024-жылы — 802 километр.