Бул инициатива Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечими негизинде ишке ашырылып, автоунаа жана темир жол аркылуу эки же андан көп ЕАЭС өлкөлөрүнөн өтүүчү товарларды камтыйт.
Киргизүүнүн биринчи этабында көзөмөлгө алынган жүк категориялары төмөнкүлөр:
- санкцияларга дуушар болгон товарлар (транзитти, экспортту жана өз ара сооданы камтып);
- алкоголь жана тамеки өнөр жайынын продукциясы;
- жеңил өнөр жай товарлары жана радиоэлектроника.
Эгерде жүк ташуу маршруту Союздун эки же андан көп өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу өтсө, навигациялык пломбаларды милдеттүү түрдө колдонуу талап кылынат, жүк ташуу Союздун ичинде же анын чегинен тышкары башталып, аяктаганына карабастан.
«Навигациялык пломбаларды киргизүү процессерди тездетүүгө жана тоскоолдуктарды жоюуга багытталган: пломбалар менен жабдылган транспорттук каражаттар ЕАЭСтин ички чек арасын ачпастан жана кечиктирбестен өтө алат, бул болсо токтоп калуу убактысын кыскартат. Бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү жүк агымын реалдуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ал эми административдик процедуралар жана текшерүүлөрдүн саны азаят», — деп белгилешет ЕЭК өкүлдөрү.
ЕАЭС алкагында жүк ташууларды көзөмөлдөө ар бир өлкөнүн улуттук операторлору тарабынан жүргүзүлөт. Кыргызстанда бул функцияны «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК аткарат.